Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Баасы 450 млн сомду түзгөн наркотикалык зат кармалды (видео)

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 420 | 0

Ички иштер министрлигинин баңгизатка каршы күрөшүү кызматы 10 кг метамфетин (первитин) жүктөп бараткан унааны кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын операциянын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы «Бишкек Транс Сервис» бажы терминалынан «Иран — Түркмөнстан — Өзбекстан — Казакстан — Кыргызстан» багытында жүк ташыган DAF үлгүсүндөгү унааны тинтүүгө алышкан. Анда пластик каражатынан алмага окшотуп жасалган 147 кабыкчага салынган метамфетин табылган.

Алынган маалыматка ылайык, бул заттын көмүскө базардагы 1 граммынын баасы 4 500 сом турат. Ал өлчөмдөн 15 доза даярдоого болот. Табылган зат 10 килограмм, дозасы 150 миң экени аныкталды. Баасы 450 миллион сомду (531 286 доллар) түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 267-беренеси (баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталды.

Алгачкы тергөөлөрдөн белгилүү болгондой, Өзбекстандын жараны айдаган бул унаа Ирандан чыгып, Түркмөнстандан дагы бир чиркегич кошулган. Андан кийин Өзбекстанга жеткирилип, кайра чиркегич кошуп Кыргызстанга бет алган.

Учурда тергөө, иликтөө иштери уланып жатат.

Айта кетсек, метамфетин (первитин) — амфетаминден алынган психотроптук, наркотикалык зат болуп эсептелет. Айрым өлкөлөр медицинада дары жасоо үчүн колдонсо, көпчүлүк өлкөлөр нашаа катары таптакыр тыюу салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM