Биз менен байланышыңыз

«Кыргызфильм» киностудиясы эски тасмаларды санарипке өткөрөт

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 309 | 0

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына Blackmagic Cintel Scanner аппараты тапшырылды.

Мунун арты менен киностудиядагы плёнкага тартылган эски тасмалардын баары санариптик форматка өткөрүп, узакка сактоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Киностудияга заманбап жабдуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты менен Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттиги (ТИКА) кол койгон макулдашуунун негизинде атайын долбоордун алкагында алынган.

Маалым болгондой, киностудиянын фонотекасында 900дөн ашуун тасма бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM