Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында цехтен өрт чыгып, 3 адам жабыркады

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 267 | 0

Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндөгү жеке менчик цех өрттөнүп, үч жаран жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМдин Ош шаардык бөлүмү өрттү саат 9:38де чектөөгө алып, 10:02де толук өчүргөн. Өрттөн 16 чарчы метр кара смола күйүп кеткен.

Ошондой эле цехте иштеген үч эркек кишини күйүк чарпып, «Тез жардам» кызматы облустук ооруканага жеткирген.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM