Биз менен байланышыңыз

Тажикстанга көмүр ташып бараткан топ кармалды

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 209 | 0

Мамлекеттик чек ара кызматы аткез товар ташыган төрт жаранды колго түшүргөнүн маалымдашты.

Атап айтсак, Лейлек району аркылуу Тажикстанга 3 тонна көмүр жүктөп бараткан Кыргызстандын үч жараны кармалган.

Дагы бир жаран Айдаркен чек арасы аркылуу SMART TV Q 20F үлгүсүндөгү 12 телевизорду Өзбекстандан Кыргызстанга алып өтүп келатканда Кадамжайдын чек арачылары колго түшүргөн.

Тиешелүү кагаздар толтурулган соң, аткезчилер жүктөрү менен кошо тиешелүү органдарга андан аркы чараларды көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM