Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 4 млрд сомдон ашуун карыз өндүрдү

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 173 | 0

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейин бюджетке 4 млрд 224 млн 800 миң сом карыз өндүрдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 237 млн 200 миң сомго көп.

Карыздардын 3 млрд 615 млн 300 миң сому мажбурлоо жолу менен алынган. Ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн кириш-чыгыш эсептерине 1 млрд 367 млн 900 миң сомдук 1 миң 306 төлөм талаптары коюлуп, анын ичинен 392 млн 800 миң сому өндүрүлгөн.

Жыл башынан бери жалпы өлчөмү 1 млрд 616 млн 700 миң сомду түзгөн 1 миң 130 материал сотко берилген. Анын ичинен 1 млрд 269 млн 600 миң сом суммасында 568 материал бюджеттин пайдасына салык карызын өндүрүүгө каралган.

Булардан тышкары салыктарды өз убагында төлөбөгөнү үчүн жалпы өлчөмү 4 млн 9 миң сомду түзгөн 2 миң 306 айып салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM