Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Пермь крайында 6-класстын окуучусу мектепке ок атты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 1156 | 0

Орусиянын Пермь крайындагы мектептердин биринде 6-класстын окуучусу ок атты. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Окуя бүгүн, 18-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дө болгон. 6-класстын окуучусу эки жолу ок атып, бири класстык бөлмөнүн каалгасына, бири шыпка тийген.

Жабыргандар жок экенин, окуучунун колундагы куралды мектеп директору алганын аймактык полиция кабарлаган. Учурда ок аткан окуучу кармалып, куралды кайдан алганы, ок чыгаруудагы максаты боюнча тергөө жүрүп жатат.

Буга байланыштуу ата-энелердин өтүнүчү менен окуя болгон А. Карпов атындагы Сарсин орто мектебинде окуу бир күнгө токтотулду.

Айта кетсек, ушул жылдын 20-сентябрында Пермь мамлекеттик университетинде да ок атуу болуп, 6 адам каза таап, 47 адам жаракат алган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM