Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 30 жаңы автобус каттамга чыкты

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 319 | 0

Бишкек шаарында бүгүн, 18-октябрдан баштап дагы 30 жаңы автобус каттамдарга чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы автобустар №34, №21, №46 каттамдары боюнча жүрөт.

Маалым болгондой, Жеңиш конушунун тургундарынын өтүнүчү менен «Эко жүргүнчүлөр ташуу» компаниясы «Шоро» фирмасы — Жеңиш конушу багытында жүргөн №34 каттамды киргизген. Ал эми №21 каттам Биримдик конушу — Бакай-Ата конушу багытында, №46 каттам «Дордой» базары — Эне-Сай конушу — Чоң-Арык айылы багытында жүрөт. Ар бир каттамга ондон автобус бөлүнүп берилди.

Айта кетсек, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын талабы боюнча №21 жана №46 автобустук каттамдардын багыттык схемаларын тейлөө «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» жеке компаниясына өткөрүлүп берилген.

«Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы буга чейин Өзбекстандан 210 автобус алып келген. Учурда анын 30у гана каттамга чыгып жатканы боюнча «Кактус медиа» сайты жазып чыккан. Бишкек мэриясы мунун автобустардын баарын чыгарууга квалификациялуу айдоочулардын жетишпей жатканы менен түшүндүргөн. Ошондой эле «Эко Пассажир Транспорт» компаниясы жыл аягына чейин дагы 350 автобус алып келүүнү пландап жатканын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM