Биз менен байланышыңыз

Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 504 | 0

Коомдук телерадио берүү корпорациясынын мурдагы директору Бактияр Алиев Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Бактияр Алиевди эмгек жамаатына 18-октябрда вице-премьер-министр Эдил Байсалов тааныштырды.

15-октябрда Бактияр Алиев КТРКнын башкы директору кызматынан алынган. Ал башка кызматка өтөрү кабарланган.

Социалдык фондду буга чейин Жаныбек Орозалиев жетектеген. Ал 2021-жылдын май айынан октябрь айына чейин иштеди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM