Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев дары-дармек маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 554 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары –  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы абалды талкуулоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды. Камчыбек Ташиев дары-дармектин баасына, фармацевттик бизнестин көйгөйлөрүнө, медикамент аткезчилигине, тиешелүү мамлекеттик органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына токтолуп өттү.

Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектердин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, анын катарында калк үчүн өтө маанилүү дары-дармектин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине чайкоочулукка жол бербөө үчүн натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM