Биз менен байланышыңыз

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңешке депутат болду

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 595 | 0

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин «Республика — Ата журт» фракциясынан депутат болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалым болгондой, БШКнын 17-октябрда өткөн жыйынында Пархат Тулендыбаевдин кызматтык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча берген арызы каралып, ал жалпы добуш менен канааттандырылган.

Бошогон мандаттык орун партиялык тизменин негизинде Алайбек Алымбаевге өткөрүлүп берилип, мандаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылган.

Алайбек Алымбаев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына «Биздин Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM