Биз менен байланышыңыз

Чүйдө жол кырсыктан бир кыз, бир бала каза тапты

Кыска кабар | 18 Окт 2021 | 194 | 0

Чүй облусунун Кемин районундагы жол кырсыктан бир кыз, бир бала каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык Кемин районунун Ударник айылында болгон. «Деу Нексия» (Daewoo Nexia) унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четиндеги бакты сүзгөн. Мунун кесепетинен бир кыз, бир бала каза таап, дагы үчөө жаракат алган.

Окуя болгон жерге барган ӨКМдин Кемин райондук бөлүмүнүн 3 куткаруучусу жабыркаган балдарды «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Учурда каза тапкан кыздын жана жабыркаган үч баланын аты-жөндөрү такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM