Биз менен байланышыңыз

Apple Кытай бийлигинин өтүнүчү менен Quran Majeed тиркемесин өчүрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2021 | 939 | 0

Apple корпорациясы Кытайдагы интернет дүкөндүн Quran Majeed тиркемесин алып таштады. Бул тууралуу BBCнин англис кызматы жазды,

Apple корпорациясынын берген маалыматына караганда, Кытай бийлиги тиркемеден мыйзамсыз эрежелерди тапканын айтышып, бул тиркемени өчүрүп салууну өтүнүшкөн. Бирок ал эмне болгон мыйзамсыздык экенин корпорация түшүндүргөн эмес.

Айта кетсек, мындан бир жума мурун Кытай бийлиги ушул эле интернет дүкөндүн Olive Tree Bible (Библия) тиркемесин телефондордон өчүрткөн эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM