Биз менен байланышыңыз

Дарыгердин кеңеши менен Улуу Британиянын ханышасы ичкиликти таштады

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2021 | 938 | 0

Улуу Британиянын 95 жаштагы ханышасы Елизавета II дарыгердин берген кеңешинен кийин спирт ичимдиктерин таштады. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жеке булактарына таянып жазды.

Басылманын билдирүүсүнө караганда ханыша мындан ары өзү жакшы көргөн мартини винолорун эмес, минералдык сууларды ичүү чечимин кабыл алган.

«Дарыгерлер ага ичкиликти таштоо пайдалуу экенин бир канча жыл мурун эле айтышкан. Ал спирт ичимдиктеринен толугу менен баш тартууну чечкен», — деп айтылат маалыматта.

Елизавета II 1952-жылы такка отурган. Ал Улуу Британиянын тарыхында «эң узак башкаруучу» катары айтылып келет. 2022-жылы такка отурганынын 70 жылдыгы белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM