Connect with us

Ооганстан: Кандагар шаарындагы мечитти жардыруудан 63 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Окт 2021 | 990 | 0

Ооганстандын Кандагар шаарындагы шииттердин мечитин жардыруудан 63 адам каза тапты. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттигине жергиликтүү ооруканадан кабарлашкан.

Жардыруу бүгүн, 16-октябрда бешим намазы учурунда болгон. Алгач 41 адам каза болгону айтылса, кийинчерээк алардын саны 63кө жеткен. Дагы 83 адам жаракат алып, абалы оор экени маалымдалды.

Алынган маалыматка караганда кол салууну үч адам жасаган, дагы бир адам мечитти тышынан кайтарып турган.

Дагы бир маалыматка ылайык, бул жардырууну «Ислам мамлекети» террордук тобу мойнуна алган.

Айта кетсек, мындан бир жума мурун эле Ооганстандын Кундуз провинциясындагы мечитте да жардыруу болуп, 120 адам каза таап, 150 адам оор жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM