Биз менен байланышыңыз

Таласта 14 жашар өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу изделип жатат

Кыска кабар | 16 Окт 2021 | 395 | 0
Өспүрүмдүн сөөгү табылган жер

Талас облустук ички иштер башкармалыгы 14 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочуга издөө жарыялады.

Маалым болгондой, кечээ, 15-октябрда таңкы саат 4:50 чамасында Манас РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалышып, Чоң-Капка айылынын кан жолунда белгисиз бирөөнүн сөөгү жатканын кабарлашкан. Кароо жүргүзгөн учурда анын башынан жаракат алганы аныкталган. Ошондой эле окуя болгон жерде унаа дөңгөлүнүн сүрүлгөн изи калган. Өспүрүм 2007-жылы туулган, Манас районунун Мааткерим Рахманбердиев орто мектебинин 8-классынын окуучусу болгон.

Кылмыш иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренеси менен катталып, учурда өспүрүмдүн өлүмүнө шектүүлөр изделип жатат.

Талас ОИИБи ушул окуя боюнча кандайдыр бир маалымат алган жарандарды «102» кыска номерине, 0701 38 38 79; 0500 34 91 91; 0755 102 108 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM