Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 16 Окт 2021 | 1176 | 0

Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова 85 жашында дүйнөдөн өттү.

Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы Кемин районундагы Алмалуу (кийин Кызыл-Суу айылына бириктирилген) айылында жарык дүйнөгө келген. 1953-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын, 1958-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун (учурда И. Арабаев атындагы КМУ) филология факультетин бүтүргөн.

Окууну аяктагандан кийин Ош облустук «Ленин жолу» гезитинде кабарчы, Ош педагогикалык институтунда мугалим, «Ала-Тоо» журналында кабарчы, бөлүм башчы, «Аялзат» гезитинде башкы редактор, «Курманжан Датка» фондунда төрайымдын кеңешчиси сыяктуу бир катар кызматтарда үзүрлүү эмгектенген.

Акындын ырлары басма сөз беттерине 1952-жылдан тарта жарыяланып баштаган. 1961-жылы «Кичинекей досторго» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Акын поэзияда салттуу форма менен биргеликте ак ыр формасында да көптөгөн ийгиликтерди жарата алган. Ал лириканын бардык жанрында жазган. Акындын калемине таандык «Кайсыл жерден жүдөө көрсөң зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты», «Кат жазгыла мен капага батканда, Айым, Күнүм чыга түшсүн асманга», «Баарыбыз күнөөлүүбүз өткөндөргө, кечээ эле баш ийгенбиз көпкөндөргө» деген сыяктуу саптары эл оозунда учкул сөзгө айланып кеткен.

Майрамкан Абылкасымованын «Эстелик сүйлөйт», «Быйыл жаздын гүлдөрү көп», «Гүлдөр суу сурайт», «Үшүк» өндүү көптөгөн жыйнактары басмадан жарык көргөн. Драматургия жаатында да эмгектенип, драматург Кайрат Иманалиев менен биргеликте жазган «Атаке баатыр» драмасы 2004-жылдан бери театр сахналарында коюлуп келет.

Анын бир катар китептери, ырлары  орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулуп, айрымдары китеп болуп басылып чыккан. Кыргыз композиторлору тарабынан бир катар ырларына обон жазылган.

Акын «Эстелик сүйлөйт» жыйнагы үчүн Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгын (1970), «Гүлдөр суу сурайт» жыйнагы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты (1984) алган. Анын кыргыз поэзиясына кошкон салымы үчүн Кыргыз эл акыны (1980) ардак наамы берилип, «Ардак Белгиси» (1986) ордени, III даражадагы «Манас» ордени (2005) менен, Чүй облусунун ардактуу атуулу, Бишкек шаарынын (2013) ардактуу атуулу наамдары менен сыйланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM