Биз менен байланышыңыз

Токтогул районунда баңгизат жасап саткандар кармалды

Кыска кабар | 16 Окт 2021 | 217 | 0

Токтогул районунун Кызыл-Туу айылынан үйүнөн баңгизат жасап саткан үч адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Наркотикалык заттарга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн атайын иликтөөнүн негизинде айтылган айылда баңгизат жасоо менен алектенгендер бар экени аныкталган. Атайын операциянын натыйжасында айылдын үч тургуну үйүндө баңгизат жасап жаткан жеринен колго түшкөн.

Текшерүү учурунда 1 фляга каннабис экстраты (суюк конопля), 4 мүшөк марихуана, 4 брикет гашиш табылган. Экспертизага чыгарган корутундуга ылайык, нашаанын жалпы салмагы 37 кг 429 граммды (12 кг марихуана, 429 гр гашиш, 25 кг каннабис экстраты) түздү.

Кармалгандар Токтогул райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM