Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Мен мамлекеттик кызматтын бардык тепкичин басып өткөм

Кыска кабар | 16 Окт 2021 | 2200 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрация жетекчиси Акылбек Жапаров Президенттин администрациясында иштеген кызматкерлер менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде администрациянын жакынкы келечектеги ишинин багыттары талкууланды. Акылбек Жапаров жыйындын катышуучуларына алардын негизги милдети өлкө башчынын чечимдеринин кынтыксыз аткарылышын көзөмөлдөө экенин белгиледи.

«Мен мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөм. Буга дейре Президенттин жана Өкмөттүн администрациясында иш кандай жүргүзүлөрүн билем. Иш процессин уюштуруу принциптерин ыкчам жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алынышы максатында толугу менен карап чыгуу зарыл. Бир да документ Президенттин администрациясында «кептелип» калбашы керек. Ар бир кызматкер кесипкөй сапаттарга ээ болуп, мамлекеттин келечеги үчүн командада ыкчам, ырааттуу жана толук кандуу иш алып барууга тийиш», — деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, алдыда чоң өзгөрүүлөр турат, масштабдуу социалдык, экономикалык, технологиялык милдеттерди чечүү зарыл, аларды ишке ашырууда айыл өкмөттөн жогорку жетекчиликке дейре мамлекеттик башкарууга жаңыча мамиле кылуу талап кылынат.

Булардан тышкары ал өз сөзүндө түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилерин бирдиктүү иштөөгө чакырып, ишти натыйжалуу алып кетүү үчүн администрациянын катарын милдетин ыкчам, так аткарган, кесипкөй адистер менен толуктоо зарылдыгын айтты. Ошондой эле администрациянын түзүмү жана иш тартиби толугу менен кайра каралып чыгарын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM