Connect with us

Мамлекеттик тарых музейинин экс-директору Жумаалы Момункулов көз жумду

Кыска кабар | 16 Окт 2021 | 333 | 0

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси, Мамлекеттик тарых музейинин мурдагы директору Жумаалы Момункулов 84 жашында дүйнөдөн өттү.

Жумаалы Момункулов 1937-жылы Талас районунун Көк-Ой айылында туулган. Алгач Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайды, андан соң Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факултетин аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун Токмок шаарындагы маданий агартуу окуу жайында мугалим болуу менен баштаган.

Петр Шубин атындагы музыкалык мектептин мугалими, директордун окуу иштери боюнча орун басары, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын директору, Петр Шубин атындагы музыкалык мектептин директору, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын директору, Маданият министринин орун басары, Мамлекеттик тарых музейинин директору сыяктуу бир катар жооптуу кызматтарды аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM