Connect with us

Аскар Акаев Чолпон-Атадагы реабилитациялык борборго 1 млн сом которду

Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 1915 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна 1 млн сом которду. Бул маалыматты Орусиядагы бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөсү Арстан Талгарбеков билдиргенин Vesti.kg сайты жазды.

Аскар Акаев бул акчаны эмгектери үчүн Илимий уюмдардын федералдык агенттигинен грант катары алган.

Айта кетсек, бүгүн, Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» майып балдардын реабилитациялык борборун бүткөрүү үчүн марафон өткөрүлгөн. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров да катышып, президенттик фонддон 3 млн сом, үй-бүлөсүнүн атынан 500 миң сом которгон. Ошондой эле Министрлер кабинети да 3 млн сом берген.

Чолпон-Атадагы реабилитациялык борборго президенттин фондунан 3 млн сом бөлүндү

Copyright © 2017 Maral FM