Биз менен байланышыңыз

Орхан Инанды тергөө учурунда зомбулукка кабылганын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 1171 | 0

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды тергөө учурунда зомбулукка кабылганын айтты. Бул тууралуу бир катар түрк басылмалары жазды.

Стамбулдагы 24-Оор жазаларды кароо сотунун отурумуна Шүкрү Йылдырырдын иши боюнча күбө катары видеобайланыш аркылуу катышкан Орхан Инанды айыпталуучунун ким болгонун тааныбай турганын, көрсөтмөсү кыйноо жолу менен алынганын билдирген.

«Айыпталуучуну эсиме түшүрө албадым. Айткан сөздөрүм да эсимде жок. Көрсөтмөнү зомбулук астында бердим. Мындай ысымды да эстей албай турам. ФЕТОну кызматтык аракет катары билем. Террордук топ катары кабылдабайм», — деген Орхан Инанды.

Мындан соң сот айыпталуучу Шүкрү Йылдырырды өлкөдөн эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарган.

Дарыгерлердин берген маалыматына караганда, Орхан Инандынын оң колу чыканактан далыга чейин үч жеринен сынып кеткен. Шишиги тарабай жаткандыктан операция жасоого мүмкүн болбой келет. Андыктан Орхан Инанды камакка алынган беш айга чукул убакыттан бери оң колун иштете албай жатканы айтылды.

Эске салсак, ушул жылдын 31-майынан 1-июнуна караган түнү «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Бир айдан кийин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынында сөз сүйлөп жатып, Инандыны Улуттук чалгындоо кызматы кармап, Түркияга алып келишкенин жар салып, кыйноого кабылган абалдагы видеосун элге көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM