Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жараны 13 кг баңгизат менен кармалды (видео)

Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 291 | 0

Кыргызстандын жараны К.К. 13 кг баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

2021-жылдын 14-октябрында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын аймагында кармалган жарандын автоунаасынан 13 кг гашиш табылган.

Бул факты Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталды.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда ушул баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүү каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM