Биз менен байланышыңыз

Экологиялык көйгөйлөр Instagram жана TikTok аркылуу чагылдырылат

Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 254 | 0

25-31-октябрь күндөрү Instagram жана TikTok платформаларында «Экоадам» аталышында онлайн марафон өтөт. Бул тууралуу Сорос-Кыргызстан фондунан кабарлашты.

Онлайн-марафон жаңы медиа форматтары аркылуу коомчулуктун көңүлүн экологиялык маселелерге, климаттын өзгөрүшүнө буруу үчүн өткөрүлөт.

Ал төмөнкү темаларды камтыйт:

Кыргызстандагы суу жана аба көйгөйлөрү;

климаттын өзгөрүшү жана адамзатка тийгизген таасири;

жаран жана айлана-чөйрө.

Бул иш-чараны 3 жылдан бери онлайн платформалар аркылуу экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун айтып келе жаткан активист Исмаил Карыпов уюштуруп жатат. Ал экосистеманы жакшыртуу үчүн ар кандай акцияларды да өткөрүп келет.

Онлайн марафон тууралуу толук маалыматты бул жерден тапсаңыз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM