Биз менен байланышыңыз

Соцфонд: Акыркы тогуз айда 50 миң 725 жаран пенсияга чыкты

Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 544 | 0

Ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки аралыкта 50 миң 725 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка ылайык, август айында 4 миң 235 жаранга пенсия чектелип, ал эми 699 жарандын пенсиясы кайрадан эсептелип берилген.

Ошол эле учурда акыркы тогуз айда 37 млрд 327 млн 300 миң сом пенсия жана жөлөк пул таратылган. Мунун ичинен сентябрь айына 4 млрд 81 млн 300 миң сом бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM