Биз менен байланышыңыз

Базар-Коргон ооруканасында бекер дарыны да акчага сатканы аныкталды

Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 534 | 0

«Укук кербени» долбоорунун алкагында өлкө аймактарын кыдырып жүргөн Акыйкатчы институту Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук ооруканасынан бир катар терс көрүнүштөргө күбө болушту.

Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Аскат Азарбековго Базар-Коргон ооруканасынын бөлүмүндө дарыланган балдардын эне-аталары кандайдыр бир түшүнүксүз фондго акча чогултуп жатышканын айтып даттанышкан. Атайын текшерүүнүн жүрүшүндө бул маалымат тастыкталды. Башкы медайымдын билдирүүсүнө караганда, ал акчага бөлүмгө тамак бышыруу меши сатылып алынган. Муну менен катар бул бөлүмдө ысык суу жок экени, кампасы жуунучу жай катары  колдонулары белгилүү болгон.

Кийинки этапта терапия бөлүмүн текшерүүгө алган учурда буюм-тайымдардын чекене соодасы санитардык ченемдерди бузуу менен кеңселердин биринде жүргүзүлөрү аныкталган. Дагы бир жагдай, бөлүм акысыз берилиши керек болгон дары-дармекти да акчага сатып келишкен. Ошондой эле бул бөлүмдө кир жууга жай, жуунучу жай уюштурулган эмес.

Ушул сыяктуу эле көрүнүш неврология бөлүмүндө да орун алган. Бул жайдын кир жууган бөлүгүндө бир эле раковина иштейт.

Акыйкатчы институту аныкталган фактылар боюнча тиешелүү актыларды түзүп, андан аркы чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM