Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абаддагы 16 гектар курорттук аймак мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 15 Окт 2021 | 1216 | 0

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы облустагы Шор-Булак эс алуу жана акысыз дарылануу комплексинин жалпы наркы 117 млн 120 миң сомду түзгөн 16 гектар жерин мамлекетке кайтарды.

Башкы прокуратура маалымдагандай, бул тилке өзгөчө коруктагы курорттук, биосфералык аймак болуп эсептелет. Жалал-Абад шаардык кеңеши 1991-жылы жер жана табиятты коргоо мыйзамдарын одоно бузуп, жерди жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып берген.

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы бул чечимди жокко чыгаруу, жерди мамлекетке кайтаруу үчүн сотко кайрылган. Натыйжада сот прокуратуранын доо арызын канааттандырып, аталган тилкени мамлекеттин карамагына кайтаруу токтомун кабыл алып берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM