Биз менен байланышыңыз

Шаирбек Маматокторов: Шайлоодон кийин баалар көтөрүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2021 | 1072 | 0

Шайлоо өткөндөн кийин күйүүчү май кымбаттайт, тамак-аштын баасы элге олуттуу сокку урат. Мындай пикирин коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал азыркы бийлик антикризистик кадамдарды жасагандын ордуна кайра шайлоого даярданып, кайрадан конституциялык реформа, ыйгарым укуктарды күчөтүү менен алек болуп жатканын сындады.

«Бизде экономисттер бар — экономика жок, өкмөт бар — эл ачка. Ушундай кырдаалга келдик, күзгү талаа иштери жыйналган жок, кышка жетиштүү көмүр жок. Эң маанилүүсү энергетикалык кризисттин алдында турабыз. Булар болгон күчтү жумшап, шайлоого чейин электр энергиясын өчүрбөгөнгө, күйүүчү майдан таңкыс кылбаганга аракет кылат. Бирок шайлоо өткөндөн кийин күйүүчү май кымбаттайт, тамак-аштын баасы элге олуттуу сокку урат», — дейт ал.

Буга себеп катары ал акыркы 2 жылда элдин кирешеси азайып кеткенин атады.

«Ага деле булар күнөөкөр эмес, ага табигый, пандемияга караштуу себептер бар. Бирок азыр антикризистик жакшы кадамдарды алгандын ордуна — кайрадан шайлоого даярданмай, кайрадан конституциялык реформа, кайрадан ушундай «бестолковый» адамдарды алып келмей; тез арада элди бул абалдан алып чыгып кеткендин ордуна — бири-бирине атаандашуу, бири-бирине конституциялык жана конституциялык эмес ыйгарым укуктарды күчөтүү. Булар регламентти да ойлобой, добуш берип чуркап жүрөт, бул — маскарапоздук. Бүт дүйнө карап турат, биз дагы эле укуктук жактан толук түптөлбөгөндүгүбүз, дагы деле улут катары мамилени өздөштүрө албагандыгыбыз үчүн ушундай абалга келип жеттик, тилекке каршы!» -деген ойдо коомдук ишмер Шаирбек Маматокторов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM