Биз менен байланышыңыз

«ProConstruction-2021» курулуш форумунда фасаддык материалдар талкууланды

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 280 | 0

Бишкек шаарында «Практик» заводу жана Ntek компаниясы уюштурган «ProConstruction-2021» курулуш форуму өттү.

Форумга Казакстандын «Инвеско Азия» компаниясынын, «КазФасад Надзор» фирмасынын, Орто Азиядагы Kalesinterflex компаниясынын, ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы курулуш компанияларынын өкүлдөрү да катышты.

Иш-чарага келген Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин курулушка сертификат берүү борборунун директору Жолдошбек Абдыраев жаңы технологиялык ыкмалардын Кыргызстандын да курулушунда пайдаланыла баштаганын жогорку жетишкендик катары баалап, мунун маанилүү экенин баса белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө курулушка заманбап технологияны киргизүүнүн тажрыйбалык ыкмалары талкууланып, «Практик» компаниясы «Бөлмөлөр аралык дубалдар үчүн ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн натыйжалуу чечимдери», ал эми Ntek компаниясы «Алдыңкы фасаддык чечимдер: Штроер немис өндүрүүчүсүнөн Клинкердик плиталар» таанытымын жасады.

«Практик» компаниясынын атынан таанытым жасаган директор Нурбек Божоев гипс плиталарды курулушта колдонуунун артыкчылыктары тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, бул материалдар баасы жагынан да, сапаты жагынан да Кыргызстанга өтө ыңгайлуу. Ошол эле учурда жеңил, жука болгонуна карабай, добуш өткөрбөй турган касиетке ээ. Дагы бир артыкчылыгы өтө тез убакытта куралып, экологиялык жактан зыянсыз, өрткө да чыдамдуу келет.

Мындан тышкары келген конокторго Kale (Түркия), Stroher (Германия), KMEW (Япония) сыяктуу белгилүү компаниялардын фасаддык материалдарын, Кыргызстандын «Практик» компаниясынын гипс плиталарын, Ntek компаниясынын ным өткөрбөө (гидроизоляция) технологиясын курулушта колдонуу сунушталды.

Айта кетсек, курулуш материалдары боюнча ата мекендик рынокто алдыңкы орунду ээлеп келген «Практик» заводу 2007-жылы түптөлгөн. Ишкана гипс, гипсокартон, гипс плиталарын өндүрөт. Мамлекет тарабынан берилген атайын уруксат кагаздын негизинде жеке карьерден гипс ташын казып келишет.

Компания өздөрүнүн заводунан чыккан материалдардын сапатына кепилдик берерин, ата мекендик рынокко бардык жагынан тастыкталган өндүрүмдү гана сунуштай турушканын маалымдашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM