Биз менен байланышыңыз

16-17-октябрда Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 588 | 0

Салтка айланып, бирок мезгилдик алмашууга байланыштуу токтоп калган айыл чарба жарманкеси кайра уланат.

16-17-октябрда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте айыл чарба жарманкесин өткөрөт. Анда азык-түлүк, жашылча-жемиш дүң баада сатылат.

Жарманке өтүүчү даректер:

  1. 12-кичи район, Токомбаев — Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиши;
  2. Раззаков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Жарманкеге «Жайыл Сүт», «Рола Чабрец» «Ак куу», «ПродИмпекс», «ЭкоТоок», «Салих ЛТД», «Кайыңды Кант», «Акун», «Яшар Групп», «Тазажан», «РИХА», «Алайкуу Органик», «Кант Сүт», «Бай Элим», «Витал Виста» сыяктуу Кыргызстандын алдыңкы компаниялары да катышат.

Кошумча маалыматтарды 0(222) 55-55-21; 0(509) 55-21-55, 0(995) 21-55-55, 0(771) 94-94-99 номерлери аркылуу алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM