Биз менен байланышыңыз

Түркияда кыргыз келин кайнатасы колдуу каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 1571 | 0

Түркиянын Текирдаг шаарындагы Черкезкөй аймагында кыргыз келинин өлтүрүп, кескилеп салган 65 жаштагы түрк жараны кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Маалым болгондой, кайната менен келиндин ортосунда талаш орун алып, ал чоң чатакка айланып кеткен. Жардам сурап чаңырган үндү уккан полиция кызматкерлери окуя болгон жерге келгенче, кайната келинин бычактап өлтүрүп, кескилеп салган. Келиндин дене мүчөлөрү унаанын багажындагы таштанды челектен, бир бөлүгү үйүнүн жуунучу жайындагы баштыктан табылган.

Келиндин сөөгү тиешелүү экспертиза жүргүзүү үчүн Черкезкөй мамлекеттик ооруканасына жөнөтүлдү. Полициянын маалыматына караганда, каза тапкан кыргыз келин эки баланын энеси, 31 жашта болгон.

Кылмышка шектүү учурда камакка алынып, окуяга байланыштуу сурак берип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM