Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев: Кылмыштуу топтордун «башын жанчабыз» (видео)

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 1579 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 13-октябрда парламенттин жалпы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып, өлкөдө бир кылмыштуу топ баш көтөрсө, «башын жанча» турганын айтты.

«Кылмыштуулук боюнча акыбал бир жыл мурда кандай эле, жакшы билесиздер. Бир жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтор мамлекетти бүт ороп алган эле. Түштүктө өзүнчө мафиясы бар, түндүктө өзүнчө бар. Кылмышкерлер бири «мыйзамдагы ууру» болуп, бири «положенец» болуп, мамлекетти ороп алды эле. Керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга, мамлекеттик ишканаларга кол сала башташкан. Бүгүнкү күндө андай жок. Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, жетекчисиби, башкасыбы, башын көтөрүп көрсүн, «башын жанчабыз». Бири да башын көтөрө албайт», — деди Ташиев.

Депутат Шайлообек Атазов өлкөдөгү фармацевтика жана бензин тармагындагы мафияны токтотууну өтүндү. Алар маңзат жүгүртүү менен алектенгендерден ашып түшкөнүн айтты.

«Фарммафия боюнча. Бул жерде мамлекеттик кызматкерлер, дары менен камсыз кылган департаменттин кызматкерлери өз милдетин аткарбастан, сиз айткан кылмышкерлер менен сүйлөшүп алып, элдин канын соруп жатышат. Мамлекет өзүнүн функциясын аткара албай калган. Пара алып, финансылык мафияны түзүшкөн. Биз бүгүнкү күндө бул тармактагы мафияны көзөмөлгө ала баштадык»,-деди Ташиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM