Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаровду хайп кылган алты билдирүү

Блог | 13 Окт 2021 | 3289 | 0

Бүгүн парламентте өкмөттүн жаңы курамы талкууланып, Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровдун талапкерлиги каралат. Президент тарабынан саясатчы Акылбек Жапаровдун сунушталышы коомчулукта бир топ талкуу жаратты. Акылбек Жапаров ушул жылдын 1-июнунда Экономика министри жана экономикалык блок боюнча вице-премьер-министрлик кызматка келген. Ага чейин кыска убакытта учурдагы президент Садыр Жапаровдун өкмөт башчы кезиндеги кеңешчиси да болгон. Акылбек Жапаров саясатчы катары кыргыз коомчулугуна бир топ «хайп» темалары менен да белгилүү.

1. Премьер-министрдин жоголуп кеткен кеңешчиси

Былтыр 23-октябрда ошол кездеги депутат Акылбек Жапаров парламент жыйынында өзүн «Садыр Нургожоевичтин кеңешчиси болдум» деп айткан. Ага вице-спикер Мирлан Бакиров тамаша иретинде «Сиз отставкага кеткен Абылгазиевдин да кеңешчиси болчусуз» дегенде залда отурган депутаттар каткырып жиберген. «Ал киши менин кеңештеримди укканда, отставкага кетпейт болчу. Азыркысы (Садыр Жапаров) мени угам деп жатат» таризинде жооп берген.

Ал эми Акылбек Жапаровдун бул билдирүүсүнөн 4 күн өтүп, ошол кездеги өкмөт башчы Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде, Акылбек Жапаровду үч күндөн бери таппай жатканын айтып, «Бүгүнтөн тарта ал менин кеңешчим эмес» деп, маек учурунда кызматтан алган.

2. Мигранттарды «эшелон» менен жөнөтүү идеясы 

Ушул жылдын 20-январындагы парламенттик жыйында Акылбек Жапаров Орусияда мигранттарга муктаждык көбөйгөнүн айтып, кыргыз жарандарын авиакаттам менен учура албасак да, эшелон менен жөнөтөлү деген идеясын айткан.

«Москванын мэри Сергей Собянин бир топ жумуш орундары бошоп, киши жок болуп жатканын айтууда. А биз авиакаттамдарды калыбына келтире албай жатабыз. Керек болсо эшелон, эшелон кылып, балдарыбызды поезд менен жиберишибиз керек. Өкмөт билеттердин баарын жеңилдетип бериши зарыл. Керек болсо жарандарга билет алып берип, 1-2 жылда кайра кайтаргандай шарт түзөлү. Жумуш ордун камсыз кылбасак болбой баратат, мына азыр көрүп жатасыздар, уурулук аябай күч алды. Иш жок болсо, ачка болсо, анан уурулукка барат да. Ошондуктан бул маселени өкмөт кечиктирилгис чара катары көрүп, бир айдын ичинде чечиши керек. Согуш маалында орустун балдарын, завод-фабрикасын, абышка-чалдарын Кыргызстанга ташып келип, жардам бербеди беле?»

Анын бул сөзү социалдык тармактарда кескин сынга кабылган.

3. Өнүккөн өлкөлөргө бирден облусту берүү сунушу

Акылбек Жапаров 2019-жылы 27-февралда «Марал» радиосуна маек берип, анда сырттан келген гранттардын максаттуу иштетилбей жатканын кеп кылган. Маек учурунда гранттарды максаттуу колдонуу үчүн «Өнүккөн өлкөлөргө бирден облусту шефтикке берүү керек» деген пикирин айткан.

Анын бул сөзү коомчулуктун сынына кабылып, өлкөнүн эгемендигине доо кетет деген пикирлер менен коштолгон. Ошол кездеги депутат Акылбек Жапаров бул сөзү үчүн кайра түшүндүрмө берүүгө аргасыз болгон.

4. Кыргызстандыктардын 90%ы Орусиянын курамына кирүүнү колдоорун айткандагы чуу

2019-жылдын 11-декабрында Акылбек Жапаров «Регион.кж» сайтына ЕАЭБ тууралуу маек берген. Анда ал ЕАЭБдин максаты ишке ашпай жатканы өлкө лидерлеринин жеке амбициясы экенин айтып, 5 өлкөнүн бир союзга биригүүсүн чоң жетишкендик катары баалаган. «Азыр бизде сурамжылоо өткөрсө, калктын 90%ы бир гана ЕАЭБге кирүүнү эмес, Орусиянын курамына кирүүнү да колдойт деп айта алам. Эскерте кетсем, 1861-жылы да кыргыздар өз каалоосу менен Орус Падышачылыгынын курамына кошулган. Бул өлкө менен биздин тарыхый байланышыбыз өтө көп», — деп айткан маектин жүрүшүндө. Жапаровдун бул сөзү да сынга кабылып, талкуу жараткан. Ушул эле билдирүү быйыл августта кайрадан социалдык тармактарда актуалдуу болуп, депутат Тазабек Икрамов Жапаровду калктан кечирим суроосун талап кылган.

5. Койлорго паспорт берүү идеясы

Акылбек Жапаров өлкөдө малды идентификациялоо маселесин алгачкылардан болуп көтөрүп чыккан. Ал Бакиевдин бийлигинин тушунда 2006-жылы Экономика министри болуп турганда «койлорго паспорт берүү зарыл» деп айткан сөзү азыркыга чейин шакаба иретинде калк арасында белгилүү. Өзү да бул тууралуу 2020-жылы 22-январда айтканы бар.

6. «Ваше превосходительство» сөзү менен пайда болгон хайп

Акылбек Жапаров мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда, видеобайланыш менен өткөн жыйындардын биринде «Ваше превосходительство» деп айткан сөзү азыркыга чейин айтылып, «хайп» темага айланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM