Биз менен байланышыңыз

Сентябрь айында 9 млрд 717 млн сом салык чогулган

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 255 | 0

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын сентябрь айында 9 млрд 717 млн 100 миң сом салык жана төлөм чогулганын маалымдады.

Буга чейин 9 млрд 663 млн сом жыйноо мерчемделип жаткан. План 100,6%га, тактап айтканда, болжолдон 54 млн 100 миң сомго ашык аткарылган.

Маалым болгондой, бул жылы салык жана төлөмдөр өткөн жылдын сентябрь айынан 2 млрд 652 млн 700 миң сомго көп чогулган.

Ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейинки топтолгон салык жана төлөмдөрдүн жалпы суммасы 75 млрд 848 млн 800 миң сомду түздү. 2020-жылдын бул аралыгында 13 млрд 208 млн 720 миң сом чогулган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM