Биз менен байланышыңыз

Сүйүнбай Эралиевдин үйүнө мемориалдык такта орнотулду

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 443 | 0

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сүйүнбай Эралиевдин мемориалдык тактасы өзү көзү өткөнчө жашаган үйүнө орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Такта орнотуу иш-чарасына министрдин орун басары Салтанат Аманова, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, ошондой эле эл акындары, эл жазуучулары катышты.

Сүйүнбай Эралиев 1921-жылы Талас районунун Үч-Эмчек айылында туулган. 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, 1944-жылы жарадар болуп кайтып келген. Ал «Сталиндик жеңиш», Талас облустук «Лениндик туу», «Кыргызстан пионери» гезиттеринде, Кыргызстан Жазуучулар союзунда бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Москвадагы Жогорку адабияттык курстарда угуучу болгон.

Чыгармачылык жолу согуштан кайтып келгенден кийин башталган. 1948-жылы Кыргыз ССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынып, 1949-жылы «Биринчи жаңырык» аттуу алгачкы поэтикалык жыйнагы жарык көргөн. Андан бери «Ак Мөөр», «Жылдыздарга саякат», «Кызгылт багымдат», «Өмүрлөргө саякат», «Кезиктиң күүлөр ээси, поэзия» сыяктуу 30га чукул китеби кыргыз тилинде басылып чыкса, 10дон ашуун китеби дүйнөнүн башка тилдерине которулган.

Сүйүнбай Эралиев чебер котормочу катары орус акыны Александр Твардовскийдин, өзбек акыны Айбектин, америка акыны Уолт Уитмендин, литва акыны Эдуардас Межелайтистин жана башка көптөгөн чет элдик акындардын ырларын кыргыз тилине эң мыкты деңгээлде которгон.

Ал Кыргыз эл акыны (1974), Фадеев атындагы Бүткүл союздук сыйлыктын лауреаты (1981), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1986), Казакстандын Жамбыл атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреты (1998), Казакстандын «Алтын көпүрө» эл аралык сыйлыгынын лауреты (2000), «Эл достугу» орденинин, III жана I даражадагы «Манас» орденинин сыйлануучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры (2006) болгон. Булардан тышкары бир нече медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Акын 2016-жылы 95 жашында дүйнөдөн өткөн. Сөөгү Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилген. 1990-жылдан көзү өткөнгө чейин Бишкек шаарындагы Москва көчөсү, 53 дарегиндеги көп кабаттуу үйдө жашап турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM