Биз менен байланышыңыз

Италия: «Чоң-20» тобу Ооганстан маселеси боюнча чукул жыйынга чогулду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 903 | 0

Италиянын борбору Рим шаарында «Чоң-20» (G20) тобуна кирген өлкөлөрдүн чукул саммити башталды. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

Маалым болгондой, чукул жыйын видеоконференция форматында өтүп, анда ооган калкына гуманитардык жардам берүү, Ооганстанда элдин эркин жүрүүсүнө, чек аралардын ачылышына шарт түзүү, террорчулукка каршы күрөшүү маселелери каралып жатат.

Жыйынга «Чоң-20» өлкөлөрүнөн сырткары Бириккен Улуттар Уюмунун, Эл аралык валюта фондунун, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да катышууда.

Эске салсак, 15-августта «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) Кабулду ээлеп алып, Ооганстандагы бийликти колго алышканын жар салган. Андан соң өлкөгө өз үстөмдүгүн орнотуп, жаңы өкмөт кураган.

«Чоң-20» — экономикасы өнүккөн алдыңкы мамлекеттердин клубу. Ал 1990-жылдардын башталышында Азия өлкөлөрү кризиске кабылган учурда демилгеленип түзүлгөн. Алгач курамына 33 мамлекет кирген. Учурда Европа Биримдиги баштаган 20 өлкө бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM