Connect with us

Президент Садыр Жапаров БУУнун жыйынында сөз сүйлөдү

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 243 | 0

Президент Садыр Жапаров Кытайдын Куньмин шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы биотүрдүүлүк боюнча Конвенциясынын XV кеңешмесинде видеокайрылуу жасады.

Өлкө башчы өз сөзүндө БУУнун биотүрдүүлүк боюнча конвенциясынын максаттарын жактай турганын, кезектеги сессияны колдоорун билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстан отуз жыл бою климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрүн чечүү максатында тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын көздөп келерин, мындай өзгөрүү айрыкча, Тянь-Шань, Памир тоолорунун табиятында көбүрөөк байкала баштаганын айтты.

Ошондой эле чет элдик инвесторлордун Кыргызстандын мөңгүлөрүн талкалаганына токтолуп, жыйындын катышуучуларын мындай терс аракеттерге биргеликте каршы турууга чакырды.

Өлкө башчы мындан тышкары БУУнун Башкы Ассамблеясынын LXXVI (76) сессиясында 2022-жылды Эл аралык тоо жылы деп жарыялоо, тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык программа бекитүү, 2027-жылы «Бишкек +25» глобалдык саммитин өткөрүү сунушун бергенин эскертип өттү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM