Connect with us

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12,6 млн доллар карызын кыскартат

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 436 | 0

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстандын 12,6 млн доллар карызын кече турган болду. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, ЭВФтин Аткаруу кеңеши Кырсыктардын алдын алуу жана жеңилдетүү фондунун шарты оор 24 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын тышкы карыздарын кыскартуу чечимин жактырган.

Бул кыскартуу COVID-19 пандемиясы тийгизген кесепеттерди жоюуга багытталган каржы булактарын кеңейтип, саламаттыкты сактоо тармагын экономикалык колдоого алууга багытталат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, учурда Кыргызстандын 4 млрд 921 млн доллардан ашуун ички жана тышкы карызы бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM