Connect with us

Бишкек мэриясы: Отун базаларда 2 миң тоннага жакын көмүр бар

Кыска кабар | 10 Окт 2021 | 818 | 0

10-октябрга карата Бишкек шаарында 2 миң тоннага жакын көмүрдүн кору бар. Ал 6 отун базасында, 7 стационардык пунктта сатылууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, отун базаларда жергиликтүү шахталардан казылып алынган жана Казакстан ташылып келген отундар 4 миң 500 сомдон сатылып жатат. Бул бааны туруктуу кармоо үчүн Бишкек мэриясы Экономика жана финансы министрлигине мамлекеттик көзөмөл киргизүү өтүнүчү менен кайрылган.

Учурда Ленин районунда 4 жерде, Октябрь районунда 1 жерде, Свердлов районунда 4 жерде, Ленин районунда 4 жерде көмүр сатылууда. Жакын арада жаңы конуштарга да отун жеткирүү максатында дагы 35 пункт уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM