Биз менен байланышыңыз

11-октябрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 10 Окт 2021 | 370 | 0

11-октябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүзү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында жаан-чачын болот.

Абанын температурасы:

Чүй, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 1…6, күндүзү 9…14;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 4…6, күндүз 11…13 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM