Биз менен байланышыңыз

Германияда канцлер Ангела Меркелдин айкели жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2021 | 930 | 0

Германияда канцлер Ангела Меркелдин атчан айкели жасалды. Бул тууралуу Spiegel басылмасына таянып, «РИА Новости» жазды.

Автор Вильгельм Кохтун айтымында, айкел 2022-жылдын жай айларында Бавариядагы Tempel музейине көргөзмөгө коюлат.

3D форматында жасалган айкелдин бийиктиги 2.7 метрди түзүп, астына пьедестал коюлган эмес. Айкелчи өз эмгегин классикалык кийимчен Ангела Меркелге Американын Quarter Horse породасындагы аргымагын жайдак, жүгөнсүз мингизип жасаган. Ал мындай белги Меркелдин жупунулугун жана күчтүүлүгүн чагылдырып турарын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM