Биз менен байланышыңыз

Баткен: Кадамжайда жол кырсыктан 3 адам көз жумду

Кыска кабар | 10 Окт 2021 | 232 | 0

Баткен облусунун Кадамжай-Айдаркен унаа жолунда кырсык катталып, 3 адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кадамжай районунун Өндүрүш айылынын кан жолунда Toyota Avensis менен Honda Odyssey унаалары кагышкан. Кырсыкка кабылган 10 адамдын үчөө каза таап, 7 адам ар кандай жаракат алган.

Жерине барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №76 Кадамжай райондук бөлүмүнүн куткаруучулары жаракат алгандарды Айдаркен шаардык ооруканасына жеткирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM