Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте майыптардын фестивалы өтөт

Кыска кабар | 10 Окт 2021 | 210 | 0

Бүгүн, 10-октябрда «Жаңыртуу» фонду майыптар арасында фестиваль өткөрөт. Бул тууралуу фонддун төрайымы Анастасия Колодяжная кабарлады.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен өтүп жаткан фестивалда майыптар өздөрүнүн талантын искусствонун бардык түрлөрү боюнча тартуулашат.

Иш-чара саат 11:00дө «Сейтек» балдардын улуттук борборунда башталат. Ал эми 12:00дө фестивалдын салтанаттуу ачылышы өтүп, анда Бишкек мэриясынан, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен келген өкүлдөр катышуучуларды куттуктап, майрамдык концерт тартууланат.

Фестивалдын алкагында атайын чеберчилик сабактар, флешмоб, суроо-жооп таймаштар жана башка көптөгөн кызыктуу оюн-зоок программалар да камтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM