COVID-19 боюнча республикалык штабдын берген маалыматына ылайык, акыркы бир суткада 93 адам илдетке чалдыккан.
Ошондой эле 66 адам коронавирустан сакайып чыгып, эмдөө албаган 1 адам көз жумган.
Учурда 449 бейтап стационарларда, 702 бейтап үйдө дарыланып жатат.
Өлкө боюнча COVID-19 жугузгандардын саны 179 миң 281ге жетти. Мунун ичинен 174 миң 19 адам оорудан айыгып чыкса, 2 миң 619 адам каза тапкан.