Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков жарым финалда

Кыска кабар , Спорт | 8 Окт 2021 | 1270 | 0

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Күрөш боюнча Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Ал чейрек финалдык беттеште грузиялык балбанды далысын жерге басып, жеңишке жетти.

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач беларустук Максим Кажарскиге каршы килем үстүнө чыгып, аны 2:0 эсебинде утуп алды.

Жарым финалдык беттештер 20:45те башталат.

Эртең, 9-октябрда Калы Сулайманов (63 кг) жана Марлен Асикеев (67) килемге чыгат.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-октябрда башталган, 10-октябрда аяктайт.

Анда кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов коло утуп алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM