Биз менен байланышыңыз

9-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 216 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 9-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун Токтогул ойдуңунда, Чычкан капчыгайында, Чаткал өрөөнүндө, Талас облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат.

Калган облустардын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй облусунун Ала-Арча капчыгайында, Суусамыр өрөөнүндө, Төө-Ашуу ашуусунда, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жаан жаайт.

Шамалдын батыштан келген багыты секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1 … 6, күндүз 10 … 15;

Талас жергесинде түнкүсүн -1 … +4, күндүз 5 … 10;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн 7 … 12, күндүз 13 … 18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2 … +3, күндүз 8 … 13;

Нарын дубанында түнкүсүн -1 … +4, күндүз 12 … 17.

Бишкек шаарында 9-октябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2 … 4, күндүз 12 … 14°.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM