Биз менен байланышыңыз

Президент Дүйнө чемпионатында жеңишке жеткен балбан кыздарды куттуктады

Кыска кабар , Спорт | 8 Окт 2021 | 686 | 0

Президент Садыр Жапаров Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде жеңишке жеткен күрөшчүлөрдү куттуктады.

Жапаровдун фейсбуктагы баракчасына жазылган билдирүүдө Жапаров Дүйнө биринчилигинде алтын медаль уткан Мээрим Жуманазарова, коло медаль уткан Айпери Медет кызын куттуктады.

Президент күрөш боюнча улуттук курама өлкөнү дүйнөгө таанытып, кыргыз спортунун тарыхын жазып жатышканын айтты.

“Мээрим биздин сыймыгыбыз. Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң! Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды. Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар! Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык”.

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова (68 кг) Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде алтын байге утуп, дүйнө чемпиону болду. Ал финалдык беттеште япониялык балбан Рин Мияжини жеңип алды.

Мээрим Жуманазарова кыргызстандык балбандардын арасында дүйнө чемпиону болгон экинчи спортчу болуп калды. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова (62 кг) гана дүйнө чемпиону наамына ээ болгон – Тыныбекова эки жолку дүйнө чемпиону (Нур-Султан, 2019-жыл жана Осло, 2021-жыл).

Айпери Медет кызы (76 кг) коло байге уткан. Ал украиналык Анастасия Шустова менен күрөшүп, беттештин биринчи бөлүгүндө эле 12:1 эсебинде жеңип алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM