Биз менен байланышыңыз

Октябрь окуялары боюнча соттук отурум жылдырылды

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 305 | 0
Сүрөт: Айпери Жумабай кызы

Былтыр 5-6-октябрда болгон окуялар боюнча соттук отурум 18-октябрга жылдырылды. Ага айыпталуучулардын бири Темирлан Султанбеков келбей калганы себеп болду.

Октябрь окуялары боюнча ачылган иште Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев, мурдагы Ички иштер министри Курсан Асанов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Темирлан Султанбеков, Өмүрбек Бабанов жана Атамбаевдин мурунку жансакчысы Канат Сагымбаев айыпталууда.

Бүгүнкү сот отурумга Курсан Асанов, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязовдор алып келинди.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы нааразылык жаратып, митинг өткөн. Ал массалык башаламандыктар менен коштолуп, бир адам мерт кеткен жана бийлик алмашкан. Камактагы бир топ саясатчы бошотулуп, кийин кайра камалышкан. Ошол күндөрү борбордук аянтта жүргөн саясатчы, депутаттар сурак беришкен. Ички иштер министрлиги айрым саясатчыларга иш козгогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM