Биз менен байланышыңыз

«Кадастр» ишканасынын Кара-Суу райондук бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 512 | 0

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мурдагы жетекчиси «Ш.С.» кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Атайын кызматы Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысын иликтеп жатат.

Анын алкагында, 5-октябрда 2015-2018-жылдар аралыгында Кара-Суу райондук «Кадастр» ишканасынын башчысы болуп иштеген жана бул кылмышка түздөн-түз тиешеси бар делген «Ш.С.» кармалган.

Ага кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мурда бул факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы «Н.Х.», анын шериги «М.С.», Кара-Суу районунун «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу «Б.Б.» кармалган.

2021-жылдын 30-сентябрында бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM