Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жер тилкелеринин категориясын которууда мыйзам бузгандар кармалды

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 318 | 0

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад облусунун Сузак райондук  филиалынын жетекчисинин орун басары «С.З.Т.» кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

«Кадастр» ишканасынын Сузактагы филиалынын кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, суу коргоо зонасынын аймагында жайгашкан жер тилкесин «Калктуу конуш» категориясына которуу боюнча тиешелүү документтери жок болгонуна карабастан берип жибергени аныкталган.

5-октябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык,  ишкананын башчысы кармалып, Жалал-Абад шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 1 млн 21 миң 560 сом зыян келтирилген. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча тергелүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM