Быйыл 9 айда мамлекеттик бюджетке 145 млрд сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу маалымат жыйынындаЭкономика жана финансы министри Бекболот Алиев билдирди.
Анын айтымында, 9 айда мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 145,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 41,4%га көп болгон.
Анын ичинде салык кирешеси 46,6%га өсүп, 107,4 млрд сомду, ал эми салыктык киреше 44,5%га өсүү менен 31,8 млрд сомду түзгөн.